БАДИГИН Михаил Петрович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
07:21, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАДИГИН Михаил Петрович [21. 10. 1923, РСФСР, Симбирск губерниясы (азыркы Ульяновск облусу), Сызран уезди (азыркы Новоспасский району), Суруловка кыштагы ‒ 5. 01. 2000, Россия Федерациясы, Зеленоград шаары] ‒ Даӊк орденинин толук кавалери. 1937-жылы үй-бүлөсү менен Ош облусунун азыркы Кара-Суу шаарына көчүп келишкен. 1942-жылы февраль айында Ош облусунун Кара-Суу райондук аскер комиссариаты тарабынан Советтик Армиянын катарына чакырылып, Ташкент шаарындагы ыкчам миномёттук-пулемёттук курсту бүтүргөндөн кийин 1942-жылдын ноябрь айында Улуу Ата Мекендик согушка жөнөтүлгөн. Гвардиянын сержанты М. П. Бадигин алгачкы салгылашууга Сталинград фронтуна караштуу 169-аткычтар дивизиясынын 434-аткычтар полкунда артиллерист катары катышкан. 19. 09. 1944-жылы Магнушев плацдармы (Польша) үчүн салгылашуудагы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даӊк ордени (№ 239892), 19. 01.1945-жылы душмандын Берлинге кире беришинде коргонуусун бузуп өткөндөгү каармандыгы

БАДИГИН108.png

үчүн 2-даражадагы Даӊк ордени (№ 7039), Берлин үчүн салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн 15. 05. 1945-жылы 1-даражадагы Даӊк орденинин (№74) ээси болгон. Согуштан кийин Ош шаарындагы жибек комбинатында эмгектенип, 1963-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөндөн кийин партиянын Ош обкомунда инструктор болуп иштеген. 1993-жылдан Зеленоград шаарында жашаган. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ош шаарында анын бюсту тургузулган. «Бой требует подвига» (Москва, 1980) китебинин автору.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.