АФИНЫ АКРОПОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:09, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АФИНЫ АКРОПОЛУ‒ Байыркы Афинынын зыярат борбору жана чеп. Дүйнөдөгү эӊ ажайып архитектуралык ансамлдердин бири, акрополдун классикалык үлгүсү катары белгилүү. Афинынын борборунда бийик жерде батыштан чыгышка карай созулган аянтта (300 х 130 м) орун алган. Биздин заманга чейинки XII кылымга чейин Афины акрополу сепил болгон. Андан табылган байыркы табылгалар неолит жана мезолит мезгилине таандык. Биздин заманга чейинки VI кылымга таандык Афины Полиаддын (Гекатомпедон, 570‒566) храмынын пайдубалынын калдыктары, Эски Парфенон аталган Артемида ыйык жайы (VI‒IV ккылымдар) жана башкалар сакталып калган.

Иктин жана Калликрат (биздин заманга чейинки 447‒432) тарабынан Афины кудайынын урматына курулган Парфенон.

Биздин заманга чейинки 480-жылы Периклдин тушунда перстер тарабынан талкаланган Акрополду калыбына келтирүүдө бирдиктүү план иштелип чыгып, Грекиянын улуу айкелчиси Фидиянын жетектөөсү менен ишке ашкан. Биздин заманга чейинки 406-жылы бүткөрүлгөн Эрехтейон храмынан тышкары, акрополдун негизги курулмалары биздин заманга чейинки . 449‒421-жылы тургузулган. Биздин заманга чейинки 447-жылы архитекторлор Иктин жана Калликрат Акрополдун негизги маанилүү имараты Афинага (согуш кудайы) арналган Парфенонду курууга киришкен. Имараттын жанына Афинанын коло статуясы (айкелчи Фидий) тургузулган. Биздин заманга чейинки 437‒432-жылдары архитектор Мнесикл Акрополдун кире беришине салтанаттуу Пропилеи (колонналар менен бириктирилген эки портик) курган. Анын батыш тарабында Пинакотека (живопистик чыгармаларды сактоочу жай), түштүгүндө анчалык чоӊ эмес Ники храмы орун алган. Ники Антерос храмы. Бул жерде жеӊген атлеттер кудайлар урматына курмандык чалышкан (биздин заманга чейинки V кылым). Парфенонго жакын Эрехтейон храмы (биздин заманга чейинки 421‒406-жылдары курулган) жайгашкан. Акрополдо түрдүү кудайларга арналып тургузулган ыйык жайлар көп. V кылымдын аяк ченинде курулган Ники Антерос храмы тургузулган соӊ, Акрополдун курулушу аяктаган. 1456-жылы Афиныны түрктөр басып алгандан кийин Афины акрополу пашанын резиденциясына айланган: Парфенондо мечит, Эрехтейондо хан сарай, Пропилейде ок-дары кампасы жайгашкан. 1687-жылы Афины акрополун венециялыктар курчоого алган учурда Парфенонго замбиректин огу тийип, талкаланган. Учурда анын түштүк-чыгыш тарабында Акрополь музейинин имараты жайгашкан. Афины акрополу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.