АРТЕМИДА ХРАМЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:30, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРТЕМИДА ХРАМЫ– гректердин аял Кудайы Артемидага арналып, Кичи Азиядагы Эфес шаарында курулган храм. Мрамордон салынган. Анын курулушу 120 жылга созулуп, биздин заманга чейинки 550-жылы ченде бүткөн. Храм өтө асем кооздолгондугу, кымбат баалуу буюмдарынын молдугу менен атагы чыккан. Артемида храмы кийин бузулуп жок болуп кеткен.