АМПИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:42, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМПИР (французча empire – империя) – XIX кылымдын 1-чейрегиндеги архитектура жана жасалга өнөрүндөгү колдонмо стиль, классицизмдин акыры. Императорлук Римдин, грек архаикасынын, Байыркы Египеттин көркөм мурасына таянган келишимдүү монументтик бөтөнчө формалар жана жасалгалар (аскер эмблемалары, оймо-чийме) мамлекеттик күч-кубаттуулукту жана аскердик күчтү көрсөтүү максатында кызмат кылган. Ампир стили Наполеон 1нин империясынын мезгилинде Францияда пайда болуп, мемориал архитектурасы жана сарай интерьерлеринин шаңдуулугу менен айырмаланган (архитектору Ш. Персье, П. Фонтен). Бир катар өлкөлөрдө ал наполеондук согушка каршы күрөштө жеңип алган мамлекеттин көз карандысыздык идеясын билдирген. Шаар куруунун, коомдук курулмалардын, шаардык жана чарбак үйлөрдүн (архитектору А. Д. Захаров, А. Н. Воронихин, К. И. Росси, В. П. Стасов), монумент айкелинин (И. П. Мартос, Ф. Ф. Щедрин) классикалык үлгүлөрүн берген орус ампири да улуттун энчиси болуп калды.

Ф. Жерар. «Наполеон Бонапарт короналык костюму менен». XIX кылым. Версаль музейи.
Мальмезон замогу. Чон Салон.