АЛЕКСАНДР КОЛОННАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:48, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДР КОЛОННАСЫ ‒ Санкт-Петербургдагы Дворец аянтында, 1812-жылы Ата Мекендик согуштун жеӊишине арналган архитектуралык эстелик. О. Р. де Монферрандын долбоору боюнча 1830‒1834-жылдары тургузулган, император Александр Iнин аты коюлган. Эстелик доридалык стиль менен салынган колонна, крест кармаган периште колоннанын үстүнө коюлган (скульптору Б. И. Орловский). Александр колоннасынын жалпы бийиктиги 47,5 м (дүйнөдөгү эӊ бийик триумфалдык колонна), постаментинин түп жагында 1250 свай орнотулган. «Александр түркүгү» салтанаттуу түрдө 1834-жылы ачылган жана бул аянт шаардын символу болуп калган. Александр колоннасы Ленинград блокадасында снаряддын сыныгынан зыянга учураган, 1963-жылы кайра калыбына келтирилген. 1977-жылы Александр колоннасынын айланасына азыркыдай брусчатка төшөлүп, темир тосмолор орнотулган, эстеликтин бурчтарынын 4 фонары кайрадан калыбына келтирилген (2004).

С.-Петербургдагы Александр колоннасы.