ИНДУКЦИЯЛЫК НАСОС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНДУКЦИЯЛЫК НАСО́С – электр-магнит күчүнүн жардамы м-н электр өткөргүч суюктук­ту (адатта эриген металлдарды) которуп туруу­чу магниттик гидродинамикалык насос; электр­магнит күчү индуктордун магнит талаасы (на­сос аркылуу өтүп, суюктук м-н индукциялан­ган) м-н электр тогунун талаасынын өз ара ара­кеттенишинин натыйжасында пайда болот. Бул насос магниттик гидродинамикалык насостун бир түрү болуп эсептелет. Суюк щелочтуу ме­таллдарды 1000°С ж-а андан ашык темп-рада

бере алат. Констр-сына карата спиралдуу ж-а сызыктуу болуп экиге бөлүнөт. Ал ядролук энер-

гетика, металлургия ж. б. тармактарда колдо-

нулат.