АДАМБЕКОВ Догдурбек
АДАМБЕКОВ Доктурбек (1955-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Карагоо кыштагы) ‒ иммунолог, медицина илимдеринин доктору (1992), профессор (1993), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2006). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1988). КММИни бүтүргөн (1977), ошол эле институтта микробиололгия жанас иммунология кафедрасында аспирант, доценти, 1993-жылдан кафедра башчысы. 1990-92-жылдары Мрсквада И.М.Мечников атн. илим-изилдөө институтунда докторант. 2004-06-жылдары КММАнын ректору. Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985). Россия медицина-технникалык академиясынын академиги (1999). Илимий иштери иммунология жана микробиологияга арналган. Адамбеков 130 илимий эмгектин, анын ичинен 3 монография, 10 окуу китеби жана окуу куралы, 10 ойлоп табуунун, 5 РФ патентинин автору.
Эмг.: Иммунология бактериальных инфекций. Бишкек, 1995, в 2-х томах.