АДАМАЛИЕВ Кубанычбек
Jump to navigation
Jump to search
АДАМАЛИЕВ Кубанычбек (1947. 22.01., Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор - 29.02.2012. Бишкек) ‒ хирург, медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (1996). И.К. Ахунбаев атындагы КММИни (1971), ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн. 1970-жылы Бишкектеги №3 балдар ооруканасында хирург, КММИде ассистент, доцент, 1996-жылдан балдар химрургиясы кафедрасынын профессору, ошол эле учурда ё1996-жылдан "Ден соолук" журналынын башкы редактору, саламаттык сактоо министрлигинин жана И.К. Ахунбаев атн. академиянын редакциялык кеңешинин мүчөсү болуу менен медициналык терминдерди кыргызчага которууда салымы чоң болгон. Ошондой эле "Балдар хирургиясы" журналынын редакциялык кеңешининн мүчөсү болгон. Анын 120дан ашык илимий эмгеги балдар хирургиясына арналган, 4 окуу китебинин, 2 ойлоп табуунун автору. 1966-жылдан жазуучу катары да белгилүү. Анын «Кандаш адамдар» (1971), «Врачтын түшүнүгү» (1977), «Кечмелик» (1980), «Эненин ак сүтү» (1989) повесттер жана аӊгемелер жыйнагы, «Жүрөк кагуусун уланта берет» романы (1985), «Быйылкы жаз менин айылымда» (1973), «Шаттык» ж. б. ырлар жыйнагы жана поэмалары жарык көргөн.
Эмг.: Социальные проблемы и актуальные вопросы сепсиса у детей. Б., 1993; Инфузионная терапия сепсиса у детей. Б., 1993.