АЭРОПОРТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЭРОПО́РТ, а б а д а р б а з а с ы ‒ жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү аба транспорту менен жеткирүүнү уюштуруучу имараттар, курулмалар (аэродром менен бирге), жабдыктар тутуму. Жабдылышына жана самолётту кабыл алуу, төйлөөсүнө жараша Аэропорт жергиликтүү жана эл аралык болуп бөлүнөт. Аэропорт радиолокациялык, автоматтык, радиотехникалык аспаптар жана навигациялык түзүлмөлөр, метеорологиялык жабдуулар менен камсыздалып, жүздөгөн га аянтты ээлейт. Аэропорттун карамагында аэровокзал , почта, жүк кабыл алуучу, жөнөтүүчү бөлмөлөр, мейманкана жана тескөөр (Бишкек «Манас» аэропорту. диспетчер) пункту, ангар, материалдык-техникалык мүлк кампасы ж. б. болот, к. Аэродром, «Манас» аэропорту.