АРБУЗОВ Александр Ерминингельдович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРБУЗОВ Александр Ерминингельдович [30. 8 (11. 9). 1877, Казан губерниясы, Арбузово-Баран айылы - 22. 1. 1968, Казан шаары] – химик, СССР ИАнын академиги (1942); корреспондент-мүчө (1932), Социалисттик Эмгтин Баатыры (1957). А. М. Зайцевдин окуучусу. 1900-жылы Казан университетин бүткөн. 1911-30-жылдары ошол университеттин, 1930-жылдан Казандагы химиялык-технологиялык институтунун профессору, 1945-63-жылдары СССР ИАнын Казандагы филиалынын председатели. Фосфорлуу кислотата жана анын бирикмелеринин түзүлүшүн аныктаган. Фосфор органикалык бирикмелерин синтездөөнүн бирден-бир негизги жолу болгон реакцияны (Арбузов реакциясы) ачкан. Арбузов химиялык катализ жана фосфорлуу кислотанын диалкил эфирлеринин таутомерлерин изилдеген жана химиянын өнүгүшүнө баалуу эмгек сиңирген. Ийне жалбырактуу жыгачтардын чайырын изилдеп, чайырды коромжусуз жыйнап алуу техникасын иштеп чыккан. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1943, 1947), беш Ленин ж. б. ордендер жана медалдар менен сыйланган.