АРАКЕТ белгиси

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАКЕТ у к у к т а – коомго коркунучтуу кылмыштын объективдүү белгилеринин бири. Кылмыштын объективдүү жагы эки түрдө болот: коомго коркунучтуу Аракет жана коомго коркунуч­туу Аракетсиздик. Коомго коркунучтуу Аракет адамдын активдүү, өз эрки жана аң-сезимдүү аракетинен келип чыгат жана алар үч түргө бөлүнөт: 1) күч колдонуу аркылуу, мисалы, киши өлтүрүү зордуктоо; террордук ж. б.; 2) жазуу түрүндө, мисалы, кызматтык жасалма, жалган документтерди жасоо ж. б.; 3) сөз түрүндөгүсү. Адамдар тарабынан айтылган сөз кылмыштын объек­тивдүү жагын камтыйт, мисалы, ушактоо, мазактоо. Коомго коркунучтуу аракет адамдын жүрүм-турумунун бир эле кыймылын же ушундай эле кыймылынын бир нечесин камтыйт, к. Аракетсиздик.
К. Бодобоев, К. Курманов.