АКЫЕВ Калык

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКЫЕВ Калык (1883-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Кара-Ой айылы – 3.11.1953-жыл, Бишкек шаары), кыргыз эл ырчыларынын көрүнүктүү өкүлү, төкмө акын, Кыргыз ССРинин эл артисти.

Акыев Калык.jpg

Эмгек жолу

Кыргыз элинин чыгаан демократ-акыны Токтогул Сатылгановдун шакирти Калык Акыев ачык маалымат булактарында жазылгандай, убагында айыл кеңешинин төрагасы, филармонияда артист болуп иштеген. Калыктын улуу Токтогулга жолугушу, андан үлгү алышы — анын шыгынын артылышына чоң таасир эткен. Акындын чыгармалары Совет бийлиги орногондон кийин жарык көргөн. Биринчи ырлар жыйнагы «Калыктын ырлары» деген ат менен 1936-жылы китеп болуп басылып чыккан. Анын айтуусу боюнча «Жаныш-Байыш», «Курманбек» өңдүү элдик дастандар 1938-жылы жарыяланган. Өмүр жолун баяндаган «Баскан жол» деген көлөмдүү китепти эскерме катары жазып калтырган.

Калык Акыевдин педогикалык ишмердүүлүгү

Орустун улуу педогогу К. Д. Ушинский «эл канчалык көп убакытка жашаса, элдик тарбиялоо да ошончо убакыт кошо жашап келген» деп туура белгилеген. Элдик педагогиканын изи тарыхтын байыркы тереңине сиңип кетет. Демек, биринчи педагогиканын элементтери элдин турмушунан, жашоосунан алынган. Өзгөчө кыргыздын төкмө ырчылары өз мезгилиндеги элдин ой санаасын, идеясын, жашоо турмушун жана элдик тарбияны өздөрүнүн чыгармаларында, элдик оозеки чыгармачылыктын башка үлгүлөрүндө чагылдырышкан. Алардын аткарган түрдүү багыттагы чыгармалары өзгөчө тарбиялоонун жана элдик тажрыйбанын эң мыкты үлгүлөрү десек жаңылышпайбыз. Кыргыз элинин чыгармачылыгын изилдеген, алардын өмүр жолуна баа берген В. Радлов «кара кыргыздардын ырчылары башка уруулардын ырчыларынан артыкчылык кылат» деп бекеринен белгилеген эмес. Эл өзүнүн оозеки элдик чыгармачылыктын чеберлери Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Токтогул, Эсенаман, Найманбай, Эшмамбет, Калык сыяктуу ырчыларын ар дайым баалап келишкен. Мына ошол кыргыздын көрүнүктүү залкар акындарынын бири Калык Акыев да эки доорду көргөн, ырчылык татаал жолду басып өткөн, калтырган мурасы түрдүү тематикадагы эпикалык чыгармалардан, поэма жана ар кыл мазмундагы ырлар, айтыштардан турган.

Замандаш акындары Калыкты «эски замандын кенже баласы, жаңы замандын алпы» деп пир тутушкан. Анын чыгармаларындагы билим берүү, тарбиялоо, педагогикалык жаатында баяндалган ойлору азыркы элдик педагогиканын ойлору менен дал келет, алардан жалпы тарбиялоодогу окшоштуктарды көрүүгө болот. Калык Акыев билим алуу аркылуу гана турмушту өзгөртүүгө боло турганын түшүнгөн. Акын өзүнүн эмгектин зор ролун түшүнгөн санат, насыят, терме ырларында жаштарды ак-ниеттүүлүккө, тууралыкка жана эмгекке чакырган. Баласы Акыев Салмоорбектин эскерүүсүндө 1919-жылы Калык Акыев Алматы шаарында өтө турган Жети-Суу облусунун 1-съездине делегат болуп барат. Аны менен кошо Ысак Шайбеков, драматург Токтоболот Абдымомуновдун атасы да барышкан. Шаар көрүп, сумка асынган гана элдин көзүн ачууга боло турганына акындын көзү жеткен да, мындай деп айылдаштарына кайрылган:

«Окууга бер балаңды,

Бөлөктөн Кабак караңгы».

Барып келгенден кийин малын сатып, кичи мекени Жумгалга мугалим жалдап, мектеп уюштурган. Аталган билим берүү жайы Нарын өрөөнүндө курулган алгачкы мектептердин бири болуп, имараты 1985-жылга чейин турган. Калык Акиевдин келини педагогика илимдеринин доктору, профессор Магрифа Рахимовнанын айтуусунда Калык чыгармалары менен гана тарбияга, билим алууга чакырбастан, иш жүзүндө 12 жетим баланы багып чоңойткон жана тарбиялаган, алардын билим алуусуна жардам берген. Улуу устаттан улуу шакирт калат: Токтогулдан Эшмамбет, Калык болсо, Калык чоң устат катары Осмонкул, Ысмайыл, Сарыкунан, Каракунан, Токтосун, Эстебес, Токтонаалы жана башкаларды тарбиялаган жана өстүргөн, «Калыктын мектебин» түзгөн. Ал өзүнүн ырчылык өнөрүн аны үйрөнүп үлгү алууга аракет кылган жаш таланттардан аянган эмес. Таланттуу деген балдарга жардамын берген. Кыргыз Республикасынын баатыры Сабира Күмүшалиеванын айтуусунда СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловду да театрга киргизген адам болгон. Убагында ал Осмонкул, Сарыкунан, Каракунан, Токтонаалы сыяктуу ак таңдайларды ыр жагынан, ырчылык өнөрдү кесип кылып алууда чоң жардам берген жана таасирин тийгизген.

1920-жылдары Калык Осмонкулга кезигет. Бул мезгилде Осмонкулга агасы Сүйүнбай ажы тарабынан эл арасында ырдоого тыюу салынып, чыгармачылыгы ачылбай айылда жүргөн мезгили болчу. Калык Сүйүнбай ажыга кезигип, Осмонкулдун келечеги кең болоорун айтып түшүндүрүп, аны өзү менен кошо ала кеткен. Калыкты дайыма Осмонкул «Окуучуң элем, устатым, мугалим» - деп сыйлаган.

Калык Сарыкунанды да кылдаттык менен таптаган. Акын Сарыкунан - Сагынбек Дыйканбаевдин эскерүүсүндө, Калык аны менен 1910-жылы жолугушуп, аны өзү менен кошо ала келген. Сарыкунанды алып келген мезгилде Калыктын колунда бир окуучу – кочкорлук Кемел деген жигит жашаган. Бул эки балага атты да өзү Каракунан, Сарыкунан деп койгон. Кыргыз жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев өзүнүн эскерүүсүндө Токтогулдай уста, Калыктай шакирт жөнүндө, Калыктын Сарыкунанды ырчылыктын «алиппесинен» баштап, жөнөкөй жөө жомокторду, элдик сүйүү ырларын кулакка куюп, алым сабак айтышы менен жамактатып ырдоого көнүктүргөнүн баса белгилеген. Ал эми Белек Осмонкуловдун эскерүүсүндө Калык түштүк жакка гастролдоп барып, Жаңы–Жол районунун Тегене айылында клуб башчысы болуп иштеген Токтосун Тыныбековду таап келгенде, «Осмонкул, мен олжо менен кайттым, мени куттуктап койсоң болот, олжом – ырчы балалуу болуп келдим», - дейт.

Ал өзүнүн шакирттерин кылдаттык менен таптаган. Аларды чоң чабыштарга алып чыгуудан мурда өзү угуп, андан кийин 2-3 кишиге, кемпир-чалдарга ырдатып көргөндөн кийин гана чоң аш тойлорго, аудиторияга алып чыккан. Калык төкмө акын болсо дагы, калемди жашы 45терге келип калгандан кийин кармап, чыгармаларынын жана элдик оозеки чыгармалардын өзү билген бардык үлгүлөрүнүн элге керектүүлүгүн сезип, тарбиялык, педагогикалык маанисин эске алып, кагаз бетине түшүрө баштаган. Өзгөчө Токтогул Сатылганов, Жеңижок, Эшмамбет сыяктуу өткөн кылымдын залкар ырчыларынын жазылбай калган мурастарын кагаз бетине түшүрүүдө тоодой эмгек кылган. Ал тургай Эстебес Турсуналиевдин айтуусунда акындар гастролго чыккан мезгилде көпчүлүк ырлардын тексттин жазган, ал ырларга Жумамүдүн Шералиев обон чыгарган. Ошол мезгилдеги кат тааныбаган аксакалдарга кат таныткан да Калык болгон.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

  • Калыктын ырлары. - Ф.: Кыргызмамбас, 1936. - 105 бет.
  • Калыктын ырлары. - Ф.: Кыргызмамбас, 1938. - 61 бет.
  • Курманбек: Поэма. - Ф. - Казань, 1938. - 155 бет.
  • Ач карышкыр: Жомок. - Ф.: Кыргызмамбас, 1939. - 24 бет.
  • Жаныш-Байыш: Баатырдык эпос. - Ф.: Кыргызмамбас, 1939. - 288 бет.
  • Өлбөс баатыр: Жомок. - Ф.: Кыргызмамбас, 1940. - 22 бет.
  • Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1940. - 111 бет.
  • Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1948. - 55 бет.
  • Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1949. - 83 бет.
  • Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1950. - 124 бет.
  • Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1954. - 188 бет.
  • Курманбек: Баатырдык эпос. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 139 бет.
  • Тандалган ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1958. - 287 бет.
  • Баскан жол. - Ф.: Кыргызмамбас, 1964. - 227 бет.
  • Тандалган чыгармалардын I томдук жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1972. - 503 бет.
  • Ак Мөөр: Поэма - Ф., 1972.
  • Ач карышкыр: Жомок. - Ф.: Мектеп, 1982. - 23 бет.
  • Баскан жол: Баян. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 256 бет.
  • Ач карышкыр: Жомок. - Б.: Адабият, 1990. - 24 бет.

Орус тилинде

  • Годы боевые: Стихи и поэмы о Великой Отечественной войне. - Ф.: Киргизгосиздат, 1960. - 120 с.
  • Пройденный путь: Страницы жизни. - Ф.: Кыргызстан, 1978. - 199 с.
  • Расцвел сад: Стихи. - М., 1973.
  • Голодный волк: Сказка. - Ф.: Мектеп, 1982. - 24 с.
  • Голодный волк: Сказка. - Ф.: Мектеп, 1983. - 26 с.
  • В огне: Стихи киргизских поэтов, посвященные Великой Отечественной войне. - Ф.: Киргизгосиздат, 1960. - 134 с.

Кыргыз маданиятын өстүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн К. Акыев Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ага 1939-жылы «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген наам берилген.