АЗИМОВ Розу
АЗИ́МОВ Розу (22. 9. 1925, Жалал‑Абад облусу, Сузак району, Кызыл‑Мехнат кыштагы – 2006, ошол эле жерде) – Советтер Союзунун Баатыры (1944). Кыргызстан КП БКга караштуу республикалык партиялык мектепти (1951), Жалал‑Абад педагогикалык окуу жайын (1965) бүткөн.
1943‑жылы Ташкенттеги аскер окуу жайынан Белоруссия фронтуна жөнөтүлгөн. 1944‑жылы 23‑июнда немецтик‑фашисттик армиянын Витебск багытындагы коргонуу линиясын түндүк-батышынан бузуп өтүүдө жолдошторун эр жүрөктүүлүк менен чабуулга баштап барган. Ал баштаган жоокерлер 1944‑жылы 25‑июнда Батыш Двина дарыясынан биринчилерден болуп өтүп, Витебскинин түштүгүнөн чабуул коюп бараткан З-Белоруссия фронтунун жоокерлери менен жолугушкан. Ошондо душман аскерлерин курчоого алып, талкалоодо эрдик көрсөткөндүгү үчүн Азимовго Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Согуштан кийин колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары, майыптар үйүнүн директору ж.б. кызматтарда иштеген. Ленин, 1‑даражадагы Ата Мекендик согуш, 3‑даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.