АЖЫКЕЕВ Эсенкан
Jump to navigation
Jump to search
АЖЫКЕЕВ Эсенкан (1924, Нарын облусу, Жумгал району, Баш-Кууганды айылы - 30.7.1989, Россия ) – шахтер, өндүрүш алдыңкысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1939-жылдан Нарын музыкалык театрында солист болгон. 1942-49‑жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. 1951-жылдан рудникте катардагы бургулоочудан мастерге чейин ишгеген. Кийин мастерге чейин көтөрүлгөн. Ажыкеевдин бригадасы эмгектеги зор ийгиликтерге жетишкен. Эки жолу Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. 1979-жылдан ардактуу эс алууга кеткен.