АВТОМОБИЛЬ
АВТОМОБИЛЬ (авто ... жана лат. mobilis ‒ кыймылдоочу, жүрүүчү) ‒ өз кыймылдаткычы аркылуу дөӊгөлөктөрү менен жүрүүчү, айдоочу тарабынан башкарылуучу жүк жана адамдарды ташууга арналган механикалык транспорт. Леонардо да Винчи өзү жүрүүчү арабаны түзүү оюн биринчилерден болуп сунуштаган. «Өзү жүрмө» экипажды (атсыз, өгүзсүз ж. б., сүйрөө күчү жок) жасоо аракети 18-кылымда башталган.
Аны орус дыйканы А. Шамшуренков жасаган (1752). Франциялык офицер Н. Ж. Кюньо 1769-жылы буу кыймылдаткычтуу үч дөӊгөлөктүү экипажды ойлоп тапкан, бирок аны коомчулук кабыл албаган. Кийин Германияда, Англияда буу менен иштеген коляска пайда болгон. Бирок буу кыймылдаткычтуу экипаждар оор, пайдаланууга ыӊгайсыз болгондуктан кеӊири колдонулууга ээ болгон эмес. Ичинен күймө кыймылдаткыч пайда болгондон кийин жагдай таптакыр өзгөргөн. 1885‒86-жылдарда немец инженерлери Г. Даймлер жана К. Бенц бири бирине байланышпастан туруп бензин кыймылдаткычтуу коляскага патент алышкан. Ал дүйнөдө биринчи автомобиль катары кабыл алынган. Россияда автомобиль куруу тарыхынын башталышы болуп, 1896-жылы Е. А. Яковлев жана П. А. Фрезе жасаган автомобиль эсептелет. Ал бир цилиндрлүү, төрт такттуу кыймылдаткычы менен 20 км/с ылдамдыкка жеткен. 19‒20-кылымдарда көпчүлүк өлкөлөрдө автомобилди өнөр жайлык жасоо башталган. Россияда «Руссо-Балт» аттуу автомобиль 1908-жылы Ригадагы вагон жасоочу заводдон даярдалган. Автомобилди массалык жасоо америкалык ишкер Г. Форддун ысымына байланышкан. 1913-жылы ал «Форд-Т» өнөр жайын уюштурган. «Форд- Т» модели 1914-жылы жылдыргычта (конвейерде) чогултулган. Автомобилдин пайда болушу адамзат тарыхындагы эӊ маанилүү ойлоп табуу болгон жана ошондон улам коомдо жашоо кыйла өзгөргөн. 1950-жылдан автомобиль чыгаруучулардын көӊүлү улуттук рынокко эмес, эл аралык рынокко бурулат. 1960-жылдан япон автомобиль өндүрүшү көтөрүлө баштайт. 1970-жылдагы карбюратордук күйүүчү май кризисинен улам (өзгөчө
АКШда) аны сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү булгабоо максатында көп өлкөдө «катализ чыпкасы» колдонула баштайт. Советтер Союзунда 1924-жылы ГАЗ маркасындагы алгачкы автомобиль жасалып, 1932-жылы массалык түрдө чыгарылган. 1906-жылда курулган «Роллс-Ройс» автомобили биринчи болуп электр стартеру менен жабдылган. 1938-жылдан «Фольксваген-жук», 1984-жылдан «Феррари-тестаросса» автомобилдери жасала баштаган. Автомобилдин формасы канчалык сүйрү болсо, ал тез жүрүп, күйүүчү майды аз сарптайт. Азыркы жеӊил автомобилдин пневматикалык шиналуу төрт дөӊгөлөгү, асма системасы, бекем чанагы (кузову) болот. Анын кыймыл багытын өзгөртүүгө арналган руль системасы негизинен алдыӊкы дөӊгөлөктөр менен кошулган. Тартуучу дөӊгөлөктүн милдетин алдыӊкы же арткы, ошондой эле экөө теӊ бир учурда аткарышы мүмкүн. Дөӊгөлөктөрү илиништирүү кошкучунан (муфтасынан), берүү кутусунан, дифференциалдык аппарат менен механизмден, алып жүрүүчү жарым октордон турган трансмиссиянын жардамы менен кыймылга келет. Автомобилдин чанагы жүргүнчүлөрдү коопсуз жайгаштырууга арналган бекем борбордук бөлүктөн, ага бекитилген асмалардан, кыймылдаткычтан, бамперден турат. Автомобилдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чанагынын капта-
лына, таманына бекитилген тартып бекитүүчү курлары жана кулпусу; эшигинин түзүлүшү, капталдан урган соккуга туруктуу, ошондой эле амортизациялык жаздыкчасы бар рулдук башкаруусу, арттан болуучу соккудан сактоочу жаздыгы болот. Терезесине майда бөлүктөргө талкаланып чачылып кетпей турган көп катмарлуу материалдан жасалган атайын айнек коюлат. Автомобиль кыймылдаткычы (адатта карбюратордук күйүүчү май менен иштөөчү кыймылдаткыч) алдынкы бөлүгүнө, капоттун астына
орнотулат жана айлануу кыймылын берүү кутусу аркылуу алдынкы же арткы, ошондой эле төрт дөӊгөлөккө теӊ берет. Башкаруу системасын ‒ рулду, дөӊгөлөгүн , акселераторду, токтоткучту (тормоз ) жана илиништирүү кошкучунун (муфтасынын) педалын, ошондой эле приборлорду долбоорлоо максималдуу ыӊгайлуу жана коопсуз болушуна көӊүл бурулат. Кыймылды которуштуруп берүү рычагы менен токтоткуч (тормоз) алдыңкы эки отургучтун ортосуна, кошуп-ажыраткычтар прибор калканычына (шит) жайгаштырылат. Капоттун астында кыймылдаткычтан тышкары радиатор, чанак (кузов) жылыткыч, айнек тазалагыч, токтоткуч суюктугу куюлган идиш жана аккумулятор болот. Арткы дөӊгөлөктөрү тартуучу автомобилде күйүүчү май куюучу бак арт жагы менен кагылышканда коопсуз болуш үчүн бамперден алыс коюлат, ал эми алдынкы дөӊгөлөгү тартуучу болсо, анда бак чанактын ортосунда, таманынын астына жайгаштырылат. Чанактын артында, жүк салгыч, камдалган (запас) дөӊгөлөк жүк салгычтын таманынын астында сакталат. Автомобилдин электр системасы татаал: от алдыруу системасы, стартер, жарык тармагы, үн сигналы, айнек тазалагычтар, чанак жылыткыч жана электрондук приборлордун дисплейинен турат. Автомобиль колдонулушуна жараша транспорттук, атайын, спорттук болуп бөлүнөт. Т р а н с п о р т т у к автомобиль жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн, а т а й ы н түрү тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, өрт өчүрүүчү жана тиричиликтик (коммуналдык) тейлөөлөрдө колдонулат. С п о р т т у к автомобиль мелдештерге, ылдамдык рекордун коюуга арналат. Транспорттук автомобилдин жеӊил, жүк ташуучу, автобус, микроавтобус деген түрлөрү бар. Кыргызстандагы биринчи автомобиль совет доорунда (1930‒40) Россиядан келе баштаган. Азыркы учурда Кыргызстандын жолдорунда Россия, Германия, Япония, Франция ж. б. өлкөлөрдүн автомобилдери жүрөт. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан автомобиль аркылуу жүргүнчүлөрдүн 99,6%и, ал эми жүктүн 97,8%и ташылат.
Ад.: Литвинов А. С., Фаробин А. С. Автомобиль: теория эксплуатационных свойств. М., 1989; Туренко А. Н., Богомолов В. А., Клименко В. И. История инженерной деятельности. Развитие автомобилестроения. Хар., 1999.
К. Алымкулов, Э. Нусупов.