АВСТРАЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ
08:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→[АВСТРА́ЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ]: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
[АВСТРА́ЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ]
АВСТРАЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ ‒ Австралия материгинин батыш жана борбордук бөлүктөрүн, ошондой эле Жаӊы Гвинея аралынын түштүгүн камтыган кембрийге чейинки байыркы структура. Архей ‒ төмөнкү протерозой фундаменти метаморфизмге дуушарланган жанар тоо, гнейс, гранит тоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку протерозой ‒ палеозойдун чөкмөлөрү (жабындысы) терриген, карбонаттуу жана жанар тоо (платобазальт) тектеринен турат, к. Австралия.