АСАНОВА Динара Кулдашевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:28, 26 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНОВА Динара Кулдашевна (24. 10. 1942-жыл, Фрунзе шаары – 4. 4. 1985-жыл, Мурманск шаары, Россия, сөөгү Бишкек шаарына коюлган) – белгилүү кинорежиссёр, актёр. РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1980). 1970-жылы С. А. Герасимов атындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) бүткөн. 1960–1962-жылдары «Кыргызфильм» студиясында режиссёрдун ассистенти («Тянь-Шань кызы», «Аптап» тасмаларында). 1965-жылы «Ар кимдин өз жолу бар» тасмасында аялдын образын жогорку деңгээлде аткарып, актёрдук талантын айгинелеген. 1974-жылдан Россиянын «Ленфильм» киностудиясында жигердүү эмгектенген. Ал 10 жыл ичинде 10 толук метраждуу көркөм тасма тартууга жетишкен, тактап айтканда, жыл сайын үзгүлтүксүз кызыктуу кинолорду элге тартуулап турган. 1975-жылы «Тоңкулдактын башы оорубайт», 1977-жылы «Башка бирөөгө берүүгө болбогон ачкыч» тасмасы Москвада, Италияда, Югославияда өткөн эл аралык фестивалдардын дипломдорун алган. Булардан соң «Кырсык» (1979), «Аял кетти» (1979), «Жараксыз» (1980), «Сен бирөөнү тандашың керек» (1981) тасмаларын тарткан. 1983-жылы «Өспүрүмдөр» тасмасын тартып, «Жылдын мыкты тасмасы» Бүткүл союздук конкурсунун жеңүүчүсү болгон жана СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (1985-жылы, өлгөндөн кийин). 1970-жылы В. Г. Распутиндин «Рудольфио» кыска метраждуу тасмасын экрандаштырган. «Балээ» (1978), ушул эле жылы «Жаман кыз» телетасмасы, «Чырдын башы» аттуу курч проблемалуу, жаңы көз караштагы, кызыктуу тасмалары тартылган. «Садагам, кымбатым, сүйүктүүм, жалгызым» (1984) тасмасына Канндагы эл аралык кинофестивалдын диплому ыйгарылган. Д. Асанова жөнүндө «Мен бардыгыңарды жакшы көрөм» (1957), «Динара» (1988) аттуу тасмалар чыгарылган. Бишкек шаарындагы бир көчөгө анын ысымы коюлган.
Ад.: Гукасян Ф. Г. Асанова. М., 1985; Aсанова Д. У меня нет времени говорить неправду: Дневниковые записи, режиссёрские заметки, статьи, интервью с Д. Асановой и воспоминания о ней. Л., 1989.

АСАНОВА 80.png