АЛЖАМБАЕВ Стам

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:55, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЖАМБАЕВ Стам (1888, Ысык-Көл облусу, Тоӊ району, Жер-Үй айылы ‒ 1950, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) ‒ педагог, алгачкы айылдык советтик мектептерди уюштуруучулардан жана тунгуч мугалимдерден. 1911-жылы мугалимдик курсту Уфа шаарынан бүтүргөн. Эмгек жолун Тоӊ болушундагы өзү уюштурган медреседен баштаган. 1916-жылы Үркүндөн кийин окутуучулук ишин жаӊы шартта уланткан. 1919‒23-жылдары айылындагы мектепте, 1923‒24-жылдары Каракол шаарындагы мугалимдерди даярдоочу курста эмгектенип, 1-муундагы советтик кыргыз жаштарын тарбиялоого жана окутууга активдүү катышкан. Жети-Өгүз районунун Чычкан (азыркы Жеӊиш) айылында башталгыч мектебин курдурган. Малчылардын балдары үчүн башталгыч мектепти уюштуруп (1946‒48), аны жетектеген. Үзүрлүү эмгеги үчүн 1949-жылы Ленин ордени менен сыйланган.