АЛЁХИН Александр Александрович
АЛЁХИН Александр Александрович [19 (31). 10. 1892, Москва ‒ 24.3.1946, Эшторил, Португалия] ‒ шахмат тарыхында дүйнөнүн 4 жолку чемпиону (1927‒35, 1937‒46), шахмат теоретиги жана адабиятчы. Санкт-Петербургдагы императордук укук таануу окуу жайын бүтүргөн (1914). Укук боюнча доктор (1925). Шахмат ойноону 6 жашынан баштап, 16 жашында М. И. Чигоринди эскерүүгө арналган Бүткүл россиялык шахмат сүйүүчүлөрдүн мелдешинде (Санкт-Петербург) жеӊишке ээ болгон. 1920-жылы Россиянын шахмат боюнча 1-чемпионатынын жеӊүүчүсү. 1921-жылы Францияга эмиграцияга кеткен. Көптөгөн Эл аралык мелдештердин (Будапешт жана Гаагада, 1921, Карлсбада, 1923 ж. б.) жеӊүүчүсү. 1925-жылы көрбөй ойноо боюнча (Париж) бир убакта 27 тактайда ойноп (22 утуш, 3 утулуш, 2 теӊ чыгуу) дүйнөлүк рекорд койгон. 1927-жылы Буэнос-Айресте өткөн дүйнөлүк биринчиликте Х. Р. Капабланканы эки жолу (1929, 1934), Е. А. Боголюбовду жеӊген. Алёхин алп шахматисттердин ичинен дүйнөлүк чемпиондуктан жеӊилбей өткөн улуу оюнчу. «Алехин коргонуусу» ыкмасын иштеп чыгып, шахмат дүйнөсүнө калтырган. Шахмат оюну боюнча бир нече китептердин автору.