АЭРОПОРТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:50, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОПОРТ, а б а д а р б а з а с ы ‒ жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү аба транспорту менен жеткирүүнү уюштуруучу имараттар, курулмалар (аэродром менен бирге), жабдыктар тутуму. Жабдылышына жана самолётту кабыл алуу, төйлөөсүнө жараша Аэропорт жергиликтүү жана эл аралык болуп бөлүнөт. Аэропорт радиолокациялык, автоматтык, радиотехникалык аспаптар жана навигациялык түзүлмөлөр, метеорологиялык жабдуулар менен камсыздалып, жүздөгөн га аянтты ээлейт. Аэропорттун карамагында аэровокзал , почта, жүк кабыл алуучу, жөнөтүүчү бөлмөлөр, мейманкана жана тескөөр (Бишкек «Манас» аэропорту. диспетчер) пункту, ангар, материалдык-техникалык мүлк кампасы ж. б. болот, к. Аэродром, «Манас» аэропорту.