АУРИПИГМЕНТ
Jump to navigation
Jump to search
АУРИПИГМЕНТ (лат. aurum ‒ алтын, pigmentum ‒ боёк) ‒ мышьяк сульфиди, минерал. Хим. формуласы As2S3. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү сары жана кыз
гылт сары. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1,5‒2, бычак менен оӊой кесилет. С. салммагы 3,49. Электр тогун өткөрбөйт, магниттелбейт. Төмөнкү температуралуу гидротермдик кендерде, арашан суулардын чөкмөлөрүндө жана жанар тоо кратерлеринде учурайт. Аурипигмент ‒ мышьяк кенташы (руда). Сары боёк катары да пайдаланылат.