АСИПОВА Нурбүбү Асаналиевна
Jump to navigation
Jump to search
АСИПОВА Нурбүбү Асаналиевна (3. 2.1946-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (1999), профессор (2001). Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөн (1969). Балыкчы шаарында англис тили мугалими, кийин КУУнун педагогикалык кафедрасында окутуучу (1971–2001), 2001-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенет. 100гө жакын илимий-педагогикалык эмгектин автору. Анын ичинде монография, методикалык колдонмо, окуу программалары бар.
Эмг.: Научно-педагогические основы формирования культуры межнационального общения школьников. Б., 1994.