АРЧАЛЫ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АРЧАЛЫ to АРЧАЛЫ кыштагы) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЧАЛЫ – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Байтик айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 30 км түштүк-батыш тарапта, Пишпек темир жол бекетинен 20 км. 1907-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2132 (2009); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП ж. б. бар.