АНДРОПОВ Юрий Владимирович
АНДРОПОВ Юрий Владимирович [2 (15). 6.1914, Ставрополь крайы, Нагут станицасы – 9. 2. 1984, Москва] – советтик мамлекеттик жана саясий ишмер; КПСС БКнын генералдык секретары (1982–84), СССР Жогорку Советинин председатели (1983-жылдан). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). 1940-44-ж. Карелия ЛКЖС БКнын биринчи секретары, 1947-ж. Карелия КП БКнын 2-секретары, 1951–52-ж. КПСС БКнын борбордук аппаратында эмгектенген.
1953–57-ж. СССРдин Венгриядагы элчиси, 1957–62-ж. КПСС БКнын бөлүм башчысы, 1962–67-ж. КПСС БКнын секретары. 1967–82-ж. СССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин төрагасы, армиянын генералы (1976). 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү. Административдик ыкмалардын жардамы менен өлкөдөгү саясий-экономикалык кризисти, коррупцияны токтотууга аракеттенген. 4 Ленин, Кызыл Туу, 3 Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
