АНДАБЕКОВ Эрназар

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДАБЕКОВ Эрназар (1905, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кырк-Кечүү айылы – 1957, ошол эле

АНДАБЕКОВ 82.png

жерде) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Колхозду уюштурууга активдүү катышкан. 1937-жылдан Жаңы-Жол районундагы «Партизан» колхозунда жылкычы болуп иштеген. Колхоздун жылкы чарбасын өнүктүрүүдө жана анын кунардуулугун жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишип, 1946-ж. 50 тубар бээден 50 кулун, 1947-ж. 56 тубар бээден 56 кулун алып, чыгашасыз асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.