АТ КҮТҮҮ САЛТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:04, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Кыргыздарда эзелтен аздектеп, атадан балага өткөн салттардан ат багуу, минүү, көздөө б-ча көп ыкмалар бар: 1) а т т ы о т к о к о ю у: а т а р к а н д о о, аргамжы лоо ‒ казык кагып, ага аркандын бир учун казыкбош чалып, бир учуна эки алдынкы бутун тушоо. Аттын бир бутун байлоо ‒ карыялар дын айтымында, малдын бутуна кан түшүрөт. Аркандалууда ат казыкты айлана оттойт. Аркан казыкты ороп калбайт; а т т у ш о о ‒ жип, чылбыр, чидер, кишен колдонулуп, ат эки бутунан же үч буту тушалат. Чылбыр, жипти эки алдынкы бутунан кууштуура күрмөп, кайра чече коюуга оӊтойлоштуруп илмек байлайт. Чидер, кишен м-н аттын алдынкы эки бутуна мүйүз, жыгач тогоо илине турган кайыш өрүмдү топчулай коёт же үч буттап тушайт; ч ө п ч а л- д ы р у у ‒ атчан баратып ара жолдо түшүп, аттын ооздугун чыгара коюп, ээр-токумчан,

кыска мөөнөткө оттотот. Күлүктү чабаардын алдында же таӊ ашырарда кичине чөп берип, андан соӊ аса байлап коёт. Т ү н к ү с ү н ж а й- д а к т а п а г ы т ы п ж и б е р ү ү да кеӊири колдонулат; 2) а т с у г а р у у ‒ жем илүүнүн алдында шар аккан сууга (таза болбосо, ат ичпейт) ооздугун чыгарып ичирет, кээде чака м-н да сугарат. Шашылыш убакта «жолдо сугарып алам» дебей, бастырарда сугарып, анан чөп чалдырып алуу туура. Ошондон улам эл ичинде «Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет» деген макал айтылып калса керек; 3) ж е м б е р ү ү (и л ү ү) ‒ атты сугарып туруп, жем илет. Жемди дорбого (жембаштыкка) илет же шалчага төгүп берет. Жем жегенден кийин сугарбайт; 4) а т с у у т у у ‒ суутуунун да түрлөрү бар: Суутуу алдында атка бир аз чөп чалдырат ; алыс сапардан келген атты аса байлап, таӊ ашырат; атайын жашыруун максат м-н белгилүү убакытка чейин «аттын тилин бууп» суутат; «аттын көкүрөгүн бастыруу» да суутуунун түрүнө кирет. Аларды үч-төрт чай кайнамдан кийин отко коёт. Ал эми чабылуучу күлүктөр өзүнчө ыкмалар м-н суутулат. Атты минүүгө даярдоо: 1) а т т ы б а к а л а п, к а р а п ч ы г у у ‒ аттын жонун, дене-боюн тазалап, жал-куйругун тароо; 2) а т т о к у у: адегенде аттын жонуна ичмек, анан тердик, айрым учурда (аш-тойлордо, салтанат тарда) шалча, а т ж а б у у жабылат. Желдик (каптырга), о. эле куюшканы салынып, каптырганын үстүнө ээр токулат. Ээр аттын жонуна ички басмайыл м-н тартылып бекитилет. Ээрдин чарасына көрпөчө салынат. Көрпөчөнүн үстүнөн сырткы басмайыл, омуроосуна көмөлдүрүк тартылат; 3) к а з ы к к а б а й л о о ‒ атты казыкка аса байлап, басмайылын бир аз бошотуп коюу; 4) а т м и н ү ү ‒ атты алдыга туура тартып, сол бутту сол үзөӊгүгө илип, ат жалын же ээрдин кашын сол кол м-н кармап, көтөрүлүп, ээрге отуруу. Атказуучу болсо аны сол колтуктан өйдө, жеӊилдете көтөрүп коёт. Аттанаар м-н шарт бастырып кетүү салт болуп саналат; 5) б а л а н ы а т к а м и н г и з ү ү ж ө р ө л г ө с ү ‒ көчкөндө, аш-тойлордо, той-тамашаларда ээрчип барган баланы ээрге өӊөрүү, 3‒5 жашында айырмач ээр токулган тайга мингизип, жетелеп алуу. Ал 5‒6 жашында тизгинди өз алдынча кармап, бастырып кеткен; 6) а т б а с т ы р у у ‒ кыргыздар талаа-түздөрдө, адыр-белестерде, ашуу-белдерде ат үстүндө жай же желдирип бастырышкан, жоргосун салдыруу м-н же атты чабуу м-н ылдамдап жүрүшкөн; 7) а т т ы с а л т а н а т к а ш ө к ө т т ө ө ‒ аш-тойлордо, майрамдарда атка абайы жаап, шалчалап, үртүктөп кооздошкон ; 8) т у м а р т а- г у у. Жакшы малды айрым «суук көздөрдөн» сактоо максатында, күлүк аттардын моюнуна көз мончок, тумар тагышкан. Ат үстүндө бекем отуруу, атты башкаруу, жүрүү жагынан көчмөндөрдүн көптөгөн салты малчылар арасында, ат спортунда орун алып келүүдө.