АНАНД Вишванатан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:00, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАНД Вишванатан (11.12.1962-жылы туулган, Мадрас) – индиялык шахматчы, эл аралык гроссмейстер (1988). ФИДЕнин дүйнөлүк чемпиону (2000), жаштар арасындагы мелдештин жеңүүчүсү (1987). 1991-жылдан дүйнөлүк мелдештердин катышуучусу. 1995-жылы Г. Каспаровго утулган (Нью-Йорк). Көптөгөн Эл аралык мелдештердин [Реджо-нель-Эшилия (1991–92), Линарес (1992 жана 1998) ж. б.] жеңүүчүсү. Дүйнө кубогунун (Кытай, 2000) жана эң мыкты шахматчыга ыйгарылуучу «Оскар» сыйлыгынын (1997, 1998, 2003 жана 2004) ээси. Москва (1994), Монако (1994), Женева (1996) ж. б. шаарларда өткөн тез ойнолуучу шахмат боюнча мелдештердин жеңүүчүсү.