Тармактык Энциклопедия:АЙДЫН ТҮЙҮНДӨРҮ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Ай жолунун эклиптика м-н кесилишкен чекиттери; Ай Жерди айланганда анын көрүнгөн жолун (орбитасын) эклиптикалык тегиздикти i = 5° 09ў бурч м-н эки чекитте кесет. Ал чекиттер эклиптика б-ча батыштан чыгышты көздөй жылып 18 жыл 7 ай убакыттын ичинде толук бир айланат. Ай түйүндөрү – Ай ж-а Күндүн тутулушунун негизги шарттарынын бири, к. Айдын тутулушу, Күндүн тутулушу.