АЦЕТАЛЬДЕГИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:50, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АЦЕТАЛЬДЕГ ИД to АЦЕТАЛЬДЕГИД) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦЕТАЛЬДЕГИД, у к с у с а л ь д е г и д и, СН3СНО ‒ кескин жыттуу, түссүз суюктук. Мол. масса 44; б. эрүү t 124°С; кайноо t 20,8 °C; cуу, спирт, эфир менен бардык көлөмдө аралашат. Касиеттери альдегиддерге окшош, альдолдук конденсация реакциясына оӊой кирет: 2СН3СНО ® СН3‒ СН(ОН) ‒СН2‒СНО. Минерал к-таларынын катышуусунда суюк паральдегидге (СН3 СНО)3 жана метальдегидге (СН3СНО) 4 полимерленет. Бул эки полимерди күкүрт к-тасын кошуп ысытканда А. пайда болот. Ал сымап тузунун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу жолу менен алынат (к. Кучеров реакциясы ). Уксус к-тасын, уксус ангидридин, бутадиенди, ацетальдолду, жасалма чайырларды ж. б. алууда колдонулат.