АЛЫМБАЕВА Дамира Бейшекеевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:12, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМБАЕВА Дамира Бейшекеевна (1953-жылы туулган,Нарын облусу, Нарын шаары) –инфекционист, медицина илимдеринин доктору (1997), профессор (1998). КММИни (1977), СССР МИАнын эксперименттик медицина ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1984), КММИде клиникалык ординатор. Жугуштуу оорулардын профилактикасы жана экологиясы КИИИнин лаборатория башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер, кафедрада ассистент. 1998-жылдан КММАнын жана КРСУнун профессору. Илимий иштери хирургияда, гематологияда вирустун жугушуна арналган.