АКРАМОВ Эрнест Хашимович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:18, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКРАМОВ Эрнест Хашимович (1936‑жылы туулган, Фрун­зе шаары) – хирург, медицина илимдеринин доктору (1990), профессор (1998). Кыргыз Республикасынын Баатыры (2009). КММИни бүтүргөн (1960). Фрунзе шаардык №2‑клиникалык ооруканада ордина­тор, РКОдо хирург, бөлүм башчы, доцент болуп иштеген. 1992‑жылдан Чүй облустук ооруканада хи­рургия бөлүмүнүн башчысы. Акрамовдун аты Чүй облустук ооруканага ыйгарылган.


Эмг.: Сорбционно‑лимфатический дренаж гнойносеп­тической хирургии (в соавторстве). Новосибирск, 1999.