АКБАЕВ Абды
Jump to navigation
Jump to search
АКБАЕВ Абды (1928‑жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Комсомол айылы) – химия илимдеринин доктору (1996), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1995), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1969), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1973). Фрунзедеги пединститутту бүтүргөн (1948). 1954‑жылга чейин мектепте химия мугалими, 1954‑жылдан аспирант, андан кийин илимий кызматкер. 1994‑жылдан КР УИАнын химия жана химиялык-технология институтунун улук илимий кызматкери. 150 илимий эмгектин, анын ичинде 65 ойлоп табуунун (патенттин) автору.
Эмг.: Взаимодействие солей тяжелых металлов с азотосодержащими соединениями и синтез физиологически активных веществ. Ф., 1984.