АТАГЕЛДИЕВ Мунарбек Муӊдукович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Мунарбек Муӊдукович (7. 9. 1949-ж. т., Фрунзе ш.) ‒ скрипач. КРдин эл арт.
АТАГЕЛДИЕВ18.png

(1993). П. Шубин атн. балдар муз. мектебинин скрипка классын, Кыргыз мамл. муз.-хореогр. окуу жайын (1973) бүтүрүп, Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тунун скрипка классына кирген. Студент кезинде эле Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын акад. симф. оркестринде скрипач, кийин концертмейстер. Оркестр коллективи м-н бирге концерттерде композиторлор Л. Бетховендин, С. Прокофьевдин, Ф. Листтин, П. Чайковскийдин, В. А. Моцарттын, Д. Шостаковичтин ж. б. ж-а кыргыз композиторлорунун, обончулардын чыгармаларын аткарат. Москва, Ташкент, Алматы ш-ларында, Африка, Турция, Балтика мамлекеттеринде ж. б. болуп, эл аралык фестивалдарга катышкан. Медалдар м-н сыйланган.