АНАНЬЕВ Константин Николаевич
11:55, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АНАНЬЕВ 1 to АНАНЬЕВ Константин Николаевич) тарабынан жасалган версия
АНАНЬЕВ Константин Николаевич [14.7.1910, РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. - 22. 10. 1981, Фрунзе)] – байланыш системасынын новатору, Соц. Эмг. Баатыры (1956). А. 1933-жылдан Кыргызстандагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик
кылган Кыргызстандагы байланыш кызматкерлеринин тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө жана телекөрсөтүүнү жакшыртууда кыйла эмг. сиңирген. Топтун демилгеси менен Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.