АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ
АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысык‑Көлдүн түштүк жээгинде. Туура‑Суунун шиленди конусунун чыгыш четинде жайгашкан. Тоң районунун аймагында. Жарым арал көлдүн түбүндө жээк бойлой созулуп жаткан кумдук, чополуу жалчалардын ачылып калышынан пайда болгон; 1930-жылдагы топографиялык картада азыркы жарым аралдын ордунда суу астындагы таштардын белгиси гана көрсөтүлгөн. Кийин мындагы тайыздыктар суу тартылганда жарым аралга айланып, жээкке кошулган (1950‑жыл). Аянты 1981–84‑ж. 0,0542 км2ге чоңойгон. Азыркы кум жалчаларынын бир бөлүгү талкаланып, кум плиталарына айланган; алардын арасына кум толгон. Жарым аралдагы Ак‑Булуң колтугу чакан кемелер токтоого өтө ыңгайлуу жай; тереңдиги 3–4 м. Таманы илешкээк ылайлуу, балырлар өсөт. Жарым арал жана анын акваториясы суучул куштардын, анын ичинде ак куулардын кышында байырлоочу жайы.