АЗОТ ТОПТОО
АЗОТ ТОПТОО – атмосферадагы молекулалык азотту (N2) азоттуу бирикмелерге айландыруу процесси. Азотту ар кандай азот топтоочу микроорганизмдер (бактериялар, актиномицеттер, ачыткыч козу карындар, козу карындар, көк жашыл балырлар) топтойт. Азот топтоо – жаратылышта азоттун айлануусунда чоң роль ойноочу маанилүү биологиялык процесс. 1 га топурактын үстүндөгү атмосферада 70 миң т эркин абалдагы азот кармалып турат. Азот топтоонун натыйжасында анын бир бөлүгү жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөр үчүн пайдаланылат. Көк жашыл балырлар шалы плантациясында гектарына бир жылда 200 кг азот топтойт. Буурчак өсүмдүктөрдөгү түймөк бактериялардын аракетинен бир сезондо 100‑250 кгга чейинки азот топуракка сиңирилет. Бул процесстин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттыруу жана топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн эң чоң мааниси бар. Ошондуктан чанактуулардын уругун түймөк бактериялардын препараттары менен аралаштырып себишип, кийинки жылы анын ордуна дан өсүмдүктөрүн айдашат. Азот топтоону изилдөө өтө маанилүү. 1894‑жылы С.Н. Виноградский Азот топтоонун натыйжасында аммиак (NH3) пайда болоорун болжолдоп айткан. Азыркы убакта азоттун оор изотобун (N15) колдонуу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө анын тууралыгы аныкталды. А. Н. Бах Азот топтоону (1934) окистендирүү‑калыбына келтирүүчү ферменттердин аракеттеринин натыйжасы деп ойлогон. Молекулалык азоттун (N2) аммиакка (NH3) чейин калыбына келиши курамында темир, молибден, магний болгон жана электрондорду N2 ташуучу ферменттик системанын катышуусу менен ишке ашары ырасталган. Азот топтоочу ферменттик система N2нин калыбына келишин катализдейт. Мында керектелүүчү энергия аденозинтрифосфаттан (АТФ), калыбына келтиргичтен, мисалы, молекулалык суутектен (Н2) же сульфит гидратынан (Na2S204) алынат. Ошентип, ферменттердин жардамы менен жүрүүчү Азот топтоо кычкылтекти керектебестен эле, калыбына келүүчү процесс болуп саналат. Азот топтоонун мааниси өтө чоң.
Б.Бегалиева.