АРЫСТАНОВА Светлана Амановна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:32, 21 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЫСТАНОВА Светлана Амановна (27. 4. 1938-жылы туулган, Жалал-Абад шаары) – Кыргыз Республикасынын эл мугалими (2006), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1995). Кыргыз мамлекеттик университетинин химия-биология факультетин бүтүргөн (1965). Педагогикалык ишмердигин 1964-жылы Фрунзе шаарындагы № 47 орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1968–1971-жылдары Мали Республикасынын Бамако шаарында, 1974–1990-жылдары Фрунзе шаарындагы № 6, 17, 20-орто мектептерде мугалим, 1990-жылдан № 6-орто мектепте директор болуп эмгектенген. 2000-жылы ушул мектептин базасында республикада алгачкы автордук окуу-тарбия комплекс-гимназияны түзгөн.С. Арыстанова «Билим», «Маданият», «XXI кылымдын кадрлары», «Аялзат», «Улуттун чындыгы» жана башка улуттук программаларды жана багыттарды окуу-тарбия процессине киргизген. Бир нече монографиянын ав­тору. Медалдар менен сыйланган.

АРЫСТАНОВА 67.png