АНДРИАНОВ Кузьма
АНДРИАНОВ Кузьма Андрианович [15 (28). 12. 1904, Твер губ., Кондраково айылы – 13. 3. 1978, Москва] – орус химиги, СССР ИАнын академиги (1964; мүчө-корр. 1953). Соц. Эмг. Баатыры (1969). Москвадагы энергетика ин-тунун проф. (1946). Москва ун-тин бүткөндөн кийин (1930), Бүткүл союздук электр тех. ин-тта (1929-54), Бүткүл союздук авиац. материалдар ин-тунда (1946-53), СССР ИАнын элементорг. бирикмелер ин-тунда (1954-жылдан) жана Москвадагы кылдат хим. технология ин-тунда иштеген. Анын негизги эмгеги кремний орг. бирикмелердин химиясына жана синтездөөгө арналган. Ал орг. эмес чынжырлуу молекуласы бар жаңы полимерлерди, кремний тетрохлоридин синтездөөнүн өнөр жайлык методун жана полиорг. металл силоксандарды (1947) синтездөөнүн негизги жолун иштеп чыккан. А. СССР Мамл. 1943,1946,1950, 1953) жана Ленин сыйл. (1962) лауреаты. Эмг.: Высокомолекулярные кремнийорганнческне соединения. М., 1949. Кремнийорганические соединения. М., 1955. Полимеры с неорганическими главными цепями молекул. М., 1962.