АНТУАН Андре

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:15, 17 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТУАН Андре (31.1.1858-жыл, Лимож шаары, Франция – 19.10.1943-жыл, Пулиган (Атлантикалык Луара) шаары, Франция) – француз режиссёру, актёр, театр теоретиги. Өспүрүм кезинен театр өнөрүнө кызыккан. Кадыр-барктуу Кондорсе лицейин бүтүргөн, Париждеги Газ коомунда клерк болуп иштеген. Спектаклдерге катышууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн «Комеди Франсез» театрында эмгектенген. Парижде театр ышкыбоздорунун Гальси кружогунун башчысы болгон. Э. Золянын тегерегиндеги жазуучулар (А. Доде, А. Бек, Э.Гонкур жана башкалар) менен таанышкан. Парижде Эркин театрды уюштурган (1887), 1897-жылдан «Антуан» театрын жетектеген. 1906–1914-жылдары «Одеон» театрынын директору болуп иштеген. Биринчи жолу Францияда Л. Толстойдун «Караңгылыктын бийлиги» (1888), Ибсендин «Арбактар» (1890) жана «Жапайы өрдөк» (1891), Гауптмандын «Токуучу» (1893) спектаклдерин койгон. Өзү да ролдордо ойногон. Ал кинодо да иштеген. «Корсикалык бир туугандар» (Дюмаата, 1917), «Деңиз эмгекчилери» (Гюго, 1917), «Арлезиан аялы» (Доде, 1922) тасмаларын койгон. 1897-жылдан Эркин театрдын артисттери менен Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Россияда гастролдо болгон.