АНДАБЕКОВ Эрназар
15:51, 14 Июль (Теке) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АНДАБЕКОВ to АНДАБЕКОВ Эрназар) тарабынан жасалган версия
АНДАБЕКОВ Эрназар (1905, Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Кырк-Кечүү айылы – 1957, ошол эле
жерде) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1948). Колхозду уюштурууга активдүү катышкан. 1937-жылдан Жаңы-Жол р-нундагы «Партизан» колхозунда жылкычы болуп иштеген. Колхоздун жылкы чарбасын өнүктүрүүдө жана анын кунардуулугун жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишип, 1946-ж. 50 тубар бээден 50 кулун, 1947-ж. 56 тубар бээден 56 кулун алып, чыгашасыз асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.