АЗОТ ТОПТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:13, 27 Март (Жалган куран) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АЗОТ ТОГГТОО to АЗОТ ТОПТОО) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОТ ТОПТОО – атм‑дагы мол. азотту (N2) азоттуу бирикмелерге айландыруу процесси. Азотту ар кандай азот топтоочу микроорганизмдер (бактериялар, актиномицеттер, ачыткыч козу карындар, козу карындар, көк жашыл балыр­лар) топтойт. А. т. – жаратылышта азоттун айлануусунда чоң роль ойноочу маанилүү биол. процесс. 1 га топурактын үстүндөгү атм‑да 70 миң т эркин абалдагы азот кармалып турат. А. т‑нун натыйжасында анын бир бөлүгү жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөр үчүн пайдаланы­лат. Көк жашыл балырлар шалы плантация­сында гектарына бир жылда 200 кг азот топтойт. Буурчак өсүмдүктөрдөгү түймөк бактерия­лардын аракетинен бир сезондо 100‑250 кгга чейинки азот топуракка сиңирилет. Бул про­цесстин а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арт­тыруу жана топурактын асылдуулугун жогору­латуу үчүн эң чоң мааниси бар. Ошондуктан чанактуулардын уругун түймөк бактериялардын препараттары менен аралаштырып себишип, кийинки жылы анын ордуна дан өсүмдүктөрүн ай­дашат. А. т‑ну изилдөө өтө маанилүү. 1894‑ж. С.Н. Виноградский А. т‑нун натыйжасында аммиак (NH3) пайда болоорун болжолдоп айт­кан. Азыркы убакта азоттун оор изотобун (N15) колдонуу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө анын тууралыгы аныкталды. А. Н. Бах А. т‑ну (1934) окистендирүү‑калыбына келтирүүчү ферменттер­дин аракеттеринин натыйжасы деп ойлогон. Мол. азоттун (N2) аммиакка (NH3) чейин ка­лыбына келиши курамында темир, молибден, магний болгон жана электрондорду N2 ташуучу ферменттик системанын катышуусу менен ишке ашары ырасталган. А. т‑чу ферменттик система N2нин калыбына келишин катализдейт. Мында керектелүүчү энергия аденозинтрифосфат­тан (АТФ), калыбына келтиргичтен, мис., мол. суутектен (Н2) же сульфит гидратынан (Na2S204) алынат. Ошентип, ферменттердин жардамы менен жүрүүчү А. т. кычкылтекти керектебестен эле, калыбына келүүчү процесс болуп саналат. А. т‑нун мааниси өтө чоң. Б.Бегалиева.