АЖЫКЕЕВ Эсенкан
Jump to navigation
Jump to search
АЖЫКЕЕВ Эсенкан (1924, Нарын обл., Жумгал р-ну, Баш-Куууганды айылы - 30.7.1989, Россия ) – шахтер, өндүрүш алдыңкысы, Соц. Эмг. Баатыры (1966). 1939-жылдан Нарын музыкалык театрында солист болгон. 1942-49‑ж. Сов. Армиянын катарында кызмат кылган. 1951-жылдан рудникте катардагы бургулоочудан мастерге чейин ишгеген. Кийин мастерге чейин көтөрүлгөн. А‑дин бригадасы эмгектеги зор ийгиликтерге жетишкен. Эки жолу Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. 1979-жылдан ардактуу эс алууга кеткен.