АЛЖАМБАЕВ Стам
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
Стам (1888, Ысык-Көл обл., Тоӊ р-ну, Жер-Үй айылы ‒ 1950, Жети-Өгүз р-ну, Саруу айылы) ‒ педагог, алгачкы айылдык сов. мектептерди уюштуруучулардан ж-а тунгуч мугалимдерден. 1911-ж. мугалимдик курсту Уфа ш-нан бүтүргөн. Эмгек жолун Тоӊ болушундагы өзү уюштурган медреседен баштаган. 1916-ж. Үркүндөн кийин окутуучулук ишин жаӊы шартта уланткан. 1919‒23-ж. айылындагы мектепте, 1923‒24-ж. Каракол ш-ндагы мугалимдерди даярдоочу курста эмгектенип, 1-муундагы сов.
кыргыз жаштарын тарбиялоого ж-а окутууга активдүү катышкан. Жети-Өгүз р-нунун Чычкан (азыркы Жеӊиш) айылында башталгыч мектебин курдурган. Малчылардын балдары үчүн башталгыч мектепти уюштуруп (1946‒48), аны жетектеген. Үзүрлүү эмгеги үчүн 1949-ж. Ленин ордени м-н сыйланган.