АК-САЙ -Талас районундагы кыштак
16:01, 18 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Nurjan (Талкуулоо | салымдары) (Nurjan moved page АК-САЙ 4 to АК-САЙ -Талас р-ндагы кыштак.) тарабынан жасалган версия
АК-САЙ, Ж е ӊ и ш, Ж а ӊ ы-А р ы к ‒ Талас р-ндагы кыштак. Чоӊ Алыш айыл аймагына караштуу. «Манас» дыйкан чарбасынын аймагында. Талды-Булак ‒ Тараз автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 24 км. Маймак темир жол бекетинен 134 км. Деӊиз деӊг. 1488 м бийиктикте жайгашкан. 1926-ж. орношкон. Калкы 3582 (2009); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, медпункт, клуб, китепкана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Б. Көкөбаев туулган.