АЙТБАЕВ Базылбек
15:05, 12 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АЙТБАЕВ 1 to АЙТБАЕВ Базылбек) тарабынан жасалган версия
АЙТБАЕВ Базылбек (1926, Талас обл., БакайАта р‑ну, Бейшеке кыш. – 1986, ошол эле жерде) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1973). Эмгек
жолун 1942‑ж. Талас обл-нун Ленинполь р‑нундагы «Бейшеке» колхозунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1957-жылдан баш чабан. Ал кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1972-ж. ар жүз тубар койдон 161ден козу, ар койдон 5,2 кг жүн; 1973‑ж. 163төн козу, 5,3 кг жүн кыркып алууга жетишкен. 1974‑79‑ж. СССР Жогорку Советинин, 1967‑75‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1977). Эки Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.