АМПЕР Андре Мари

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЕР Андре Мари (22. 1. 1775-10. 6. 1836) - фр. физиги жана математиги; электр динамикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Париж ИАга мүчө (1814). 1805-жылдан Париждеги политех. мектепте иштеген. Ушул мезгилде ыктымалдык теориясы, вариациялык эсептөө, матанализ б-ча эмгектерин жарыялайт. 1824-жылдан Париждеги Нормалдуу мектептин проф. А. физика б-ча иштери менен ири окумуштуулардын катарына кошулган. 1820-ж. X. К. Эрстед электр тогунун магнит жебесине жасаган аракетин ачкандан кийин, А. ток аракети менен магнит жебесинин кыйшаюу багытын аныктаган. Анын кийинки изилдөөлөрү электр тогу өткөн учурда өткөргүчтөрдүн өз ара аракеттенүүлөрүнүн ачылышына жана бул өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоого алып келген (к. Ампер закону). А. 1-жолу магнетизм теориясын түзгөн.