АХУНБАЕВ Медер Исаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:24, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АХУНБАЕВ Медер Исаевич (1946, Фрунзе ш. ‒ 1999, Бишкек ш.) ‒ хирург, медицина илимд. доктору (1995). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйл. лауреаты. КММИни (1970), СССР МИАнын жүрөк-кан тамыр хирургия ин-тунун аспирантурасын (1974) бүтүргөн. КММИнин жалпы хирургия кафедрасында ассистент, КСЭде улук ил. редактор, РКОдо врач-ординатор. Ил. эмг. жүрөк-кан тамыр хирургиясына, эндокринологияга арналган. Эмг.: Диабетическая ангиопатия нижных конечностей и диабетическая стопа. Б., 1992.