АЭРОБИОЗ
а э р о б д о р (аэро... жана биос) ‒ эркин кычкылтектүү чөйрөдө жашоого жана өсүүгө жөндөмдүү организмдер. А. өсүмдүк, жаныбарлардын дээрлик бардыгына жана микроорганизмдердин көбүнө мүнөздүү. Анаэробдордон айырмаланып, аэробдор тиричилик үчүн керек энергияны заттардын атм. кычкылтектин катышуусу менен жүргөн кычкылдануусунан алат. Алардын дем алуусу мол. кычкылтекти сиӊирип, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу менен жүрөт. Заттардын жана энергиянын аэробдук алмашуусу анаэробиозго караганда натыйжалуу. Аэробдорго бардык өсүмдүктөр, көпчүлүк жөнөкөйлөр жана көп клеткалуу жаныбарлар, дээрлик бардык козу карындар кирет. Аэробдордун ичинен фотосинтездөөчү организмдер (цианбактериялар, балырлар ж. б.) өзгөчө орунду ээлейт. Бул организмдер О2 бөлүп чыгарып, калган бардык аэробдорду камсыз кылат.