АССОЦИАЦИЯ (биологияда)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССОЦИАЦИЯ, б и о л о г и я д а ‒ өсүмдүк жамаатын, б. а. фитоценозду классификациялоодо колдонулуучу негизги таксономиялык бирдик; бирдей чөйрө шарттарында өскөн өсүмдүктөрдүн өз ара байланышы жана флоралык курамы, түзүлүшү окшош өсүмдүк жамаатынын жыйындысы. Мис., Кыргызстандын талааларында ак шыбак А-сында ак шыбак үстөмдүк кылат. Жыл мезгилине жараша А-нын сырткы көрүнүшү түрдүү болушу мүмкүн. Ал андагы үстөмдүк кылган өсүмдүктүн атынан аталат.