АРМСТРОНГ Луи Даниел

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРМСТРОНГ Луи Даниел (4. 08.1901, Жаңы Орлеан, Луизиана – 6. 7. 1971, Куинс, Нью-Йорк) – белгилүү америкалык джаз трубачысы жана ырчы, киноактёр. 13 жашынан трубада ойноп, 1924-ж. Нью-Йорктогу концертте аткарган. 1927-ж. Л. Армстронг «Биринчи класстык бешилик» жана «Биринчи класстык жетилик» джаз-оркестрлерди (Нью-Йорк) уюштурган жана жетектеген, Лондондо, Парижде, Берлинде ж. б. гастролдо болгон. Радиотелеберүүлөрдө, фильмдерге тартылган. Трубачы-виртуоз катары джаз оркестрлердин конкурстарында жогорку сыйлыктарын алган.

АРМСТРОНГ 24.png